Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Салянованын иши боюнча соттук сурак аяктады


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Оппозициячыл саясатчы, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы териштирүүдө сурак аяктады. Эми өтүнүчтөр жана арыздар каралат, андан кийин жарыш сөз башталат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна адвокат Чынара Жакупбекова билдирди.

“Келтире турган өтүнүчтөрүбүз көп”, - деди адвокат.

Салянова өзү жана анын жактоочулары сот бир жактуу өтүп жатканын, буга чейин келтирилген көптөгөн өтүнүчтөр канааттандырылбай калганын айтып келишет.

Соңку соттук отурум 30-декабрда өткөн. Адвокаттын айтымында, Салянованы соттун өтүнүчү менен текшерген дарыгерлер да анын абалы жакшы эмес экенин билдиришкен. Бирок судья Ирина Воронцова сот майрамдык эс алуу күндөрү аяктар замат, 4-январда уланарын билдирген.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Салянова 30-декабрда өзүн жаман сезип, Чүй облустук ооруканасына кайрылганын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жүрөгү ооруганы аныкталып, аны ооруканага жаткыруу боюнча чечим кабыл алынганын айткан. “Ооруканага дароо жатыш керек дешти. Бирок кичинекей баласы болгонуна байланыштуу жаңы жылдан кийин жатат», - деген Токтакунова.

Соңку маалыматка караганда, депутат азыр үйүндө дарыланып жатат.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимде депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөрү жазылган.

Ага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG