Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

Баткенде үч тургун өзбек жаранын уурдады деп шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде үч жергиликтүү тургун "Өзбекстандын жаранын уурдап кетип, ири суммада акча талап кылган" деген шек менен кармалып, тергөө жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 20-декабрда болгон. 24 жаштагы кызын Кыргызстан тарапка уурдап кетишкени тууралуу Баткендин Кадамжай райондук милициясына Өзбекстандын жараны кайрылган. Ал кызын уурдап кеткендер 31 миң доллар талап кылып жатышканын айткан.

Ыкчам иликтеп издөө иштеринин натыйжасында 19, 21 жана 28 жаштагы кадамжайлык үч тургун кармалды.

Иш Кылмыш кодексинин “Адам уурдоо” жана “Адамды эркинен мыйзамсыз ажыратуу” деген беренелеринин негизинде козголду.

Алдын-ала маалыматка караганда, тараптардын ортосунда акчага байланыштуу чыр болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG