Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Мектеп окуучуларынын билим деңгээли текшерилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын текст окуу, математика жана табигый илимдер боюнча билим деңгээли жалпысынан жогорулоодо. Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору 2017-жыл боюнча атайын изилдөө жүргүзүп, ушундай тыянакка келди.

Изилдөө 8-класстын окуучулары арасында жүргүзүлдү. Каржылык колдоону Европа биримдиги көрсөттү.

Буга чейин ушундай изилдөө 2009-жылы жүргүзүлгөндүктөн бул жолу жыйынтыктар ошол көрсөткүчтөргө салыштыруу аркылуу чыгарылды.

Текстти окуу жана түшүнүү жагынан кыйналган окуучулардын саны15,3% кыскарды.

Математика боюнча да Ысык-Көл облусунан тышкары бардык аймактарда билими базалык деңгээлден төмөн окуучулар азайып калганы байкалды. Ош шаарында бул багытта жакшы көрсөткүчтөр болууда.

Табигый илимдер (биология, химия, физика жана физикалык география) жагынан окуучулардын көбүнүн билим деңгээли төмөн бойдон калууда.

Жалпысынан эң жакшы көрсөткүчтөр Бишкек шаарында, ал эми начар абал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG