4-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27...-32, күндүз -10...-15;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2°.