Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Шыкмаматовдун адвокаты шаардык сотко арызданды


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочулары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна адвокат Чынара Жакупбекова билдирди.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 5 млн. сом айыпка жыккан. Аны менен кошо соттолуп жаткан Германиянын жараны, "Барат-Юкс" ишканасынын жетекчиси Али Юксел кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотулган. Экөө тең эркиндикте калтырылган. Ал эми мурдагы депутат Жусуп Иманалиевди сот үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыраткан.

13-декабрдагы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге былтыр 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат. Германиянын жараны Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатыш үчүн тендерге катышкан. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG