Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Трамп: АКШнын өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан кыйла чоң


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын (солдо) жана АКШ президенти Доналд Трамп.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын (солдо) жана АКШ президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп өлкөнүн өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан «кыйла чоң жана кубаттуу» деп билдирди. Ал бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзөктүк курал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кылып, "Твиттер" баракчасына жазды.

«Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өзөктүк баскыч дайыма үстөлүнүн үстүндө" экенин билдирди. Анын ачарчылык каптаган режиминдеги бирөө-жарым менде дагы өзөктүк баскыч бар экенин, бирок ал кыйла чоң жана кубаттуу экенин ага билдирип коё алабы?" -деп жазды Трамп.

Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда анын үстөлүндө өзөктүк баскыч бар экенин жана ал Кошмо Штаттардын бардык аймагына чейин жетерин эскертип, бул куралды Пхеньянга коркунуч жаралган учурда гана пайдаланарын айткан.

Түндүк Кореянын ракеталарды жана өзөктүк бомбаларды тынымсыз сынашы Вашингтон менен Пхеньяндын мамилесиндеги чыңалууга себеп болуп келет.

XS
SM
MD
LG