Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 04:21

Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон миңдеген адамдар көчө жүрүшүнө чыгышты. Өлкөнүн англис тилинде берүүлөрдү чыгарган "Пресс ТВ" мамлекеттик телеканалы 3-январда Ирандын желегин жана өкмөттү жактаган плакаттарды көтөргөн демонстранттардын жүрүшүн түз алып көрсөттү. Мындай акциялар Ахвас, Керманшах жана Горган шаарларында да өткөнү белгилүү болду.

Өкмөттү колдогон бул митингдер Ирандын бир катар аймактарындагы бийликти сындаган нааразылык акцияларынын алтынчы күнүндө өтүп жатат. 28-декабрда Мешхед шаарында азык-түлүктүн кымбатташына каршылык билдирүү максатында өткөн демонстрациялар тез эле Ирандын ондогон ири жана чакан шаарларына жайылып, аларда "Диктаторго өлүм!" деген сыяктуу саясий чакырыктар айтылган. Демонстранттар менен полициянын кагылышынан кеминде 22 адам мерт болуп, 450гө чукул киши кармалды. Шаршемби күнү өкмөткө каршы акциялар мурдагыдан басаңдап калганы кабарланды.

Ирандын жогорку диний жолбашчысы Аятолла Али Хаменеи демонстрациялар боюнча өлкөнүн "душмандарын" айыптады. Европа Биримдиги, АКШ Ирандагы акциялардагы өлүмдөргө тынчсыздануусун билдирип, Тегеранды тынч митингчилерге өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө чакырды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG