Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Сирияда Орусиянын тик учагы кыйрады


Ми-24 тик учагы. Архивден алынган сүрөт.
Ми-24 тик учагы. Архивден алынган сүрөт.

Сирияда Орусиянын аскердик тик учагы кыйрап, ичиндеги эки учкучу тең мерт болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги 3-январда кабарлады. Маалыматка караганда, Ми-24 тик учагы 31-декабрда Хама шаарындагы Хама аскердик аба базасына учуп бара жатканда "техникалык мүчүлүштүктөн" улам кырсыкка учураган.

Министрлик тик учак Сириядагы оппозициялык күчтөрдүн же исламчыл жоочулардын чабуулуна кабылбаганын белгиледи.

Ми-24 - аскердик операцияларда көп максатта колдонулган эки моторлуу тик учак. Ал сегиз кишини же 1500 килограммга чейинки жүктү көтөрүп уча алат.

Орусия 2015-жылдын сентябрь айынан тартып Сирияда президент Башар Асаддын күчтөрүнө көмөк көрсөтүү максатында абадан сокку ура баштаган. Өткөн жылдын соңунда орус президенти Путин Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобу талкаланганын айтып, орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн бул өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону буюрган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG