Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Саакашвили ФСБны күнөөлөдү


Михаил Саакашвили Киевдеги сот отурумунда. 3-январь, 2017-жыл.
Михаил Саакашвили Киевдеги сот отурумунда. 3-январь, 2017-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөр кыймылынын" лидери Михаил Саакашвили Киевдеги сотто ага каршы колдонулган далилдерди "даярдап чыгууга катышкан" деп Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБ) күнөөлөдү. Ал мындай оюн 3-январда Киевде өткөн соттук териштирүүдөн кийин журналисттерге билдирди.

Шаршембиде прокурорлор Саакашвилини Украинанын коопсуздук кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартканы үчүн үй камагына алууну соттон өтүнүштү. Судьялар бул өтүнүч боюнча кандайдыр чечим кабыл албастан, сот жыйынын 11-январга жылдырышты.

Украинанын прокуратурасы Саакашвилини Орусияга качкан мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин "уюшкан кылмыштуу тобу" менен кылмышка аралашкан деп айыптап жатат. Украин бийлиги Саакашвили былтыр Киевде өткөргөн нааразылык акцияларын "өкмөткө каршы кутум" деп мүнөздөгөн.

Прокуратура "Саакашвили Януковичтин өнөктөшү, бизнесмен Сергей Курченкодон 500 миң доллар алган" деп билдирген. Далил катары прокурорлор Саакашвилинин Орусияга качкан бул бизнесмен менен телефондук сүйлөшүүсү катары айтылган аудиону көрсөтүшүүдө.

3-январдагы сотко жубайы жана уулу менен келген Михаил Саакашвили украин бийлигинин бул айыптарын четке какты. ФСБ мурдагы грузин президентинин соңку дооматына жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG