Кыргызстанда чакан насыясын төлөй албай жүргөндөрдүн карызы 12 миллиард сомго жетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын 1-октябрына карата карыз акчанын жалпы суммасы 11 миллиард 896 миллион сомду түздү.
Эң көп карыз Бишкек шаарында (25,2%), Ош (18,7%), Чүй (16,1%) жана Жалал-Абад (11,1%) облустарында.
Ал арада өлкөдө чакан насыя алган жарандар көбөйүп жатканы да белгилүү болду. Маселен, былтыр насыя алуучулар мурдагы жылга салыштырганда 38 миң адамга көп катталды. Бул дээрлик 21% көп.
Жалпысынан 2017-жылдын тогуз айында Кыргызстандагы чакан насыя компаниялары 12 млрд. 151 млн. сом бөлүп беришкен. Насыя алуучулардын саны 214 миң адамга жетти.
Насыяны эң көп алгандар Ош облусунда, эң азы Ысык-Көл облусунда.