Тажикстандын атайын кызматы Дүйшөмбүнүн түрмөлөрүнөн тажик-ооган чек арасы аркылуу баңгизат транзитин көзөмөлдөгөн соттолгон кишилердин тобун аныктады.
Иликтөө менен тааныш расмий өкүлдөр "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришкендей, эки тажик, бир ооган жаранынан турган бул топ өткөн айда Тажикстандын чек арачылары менен кагылышкан ооган аткезчилери менен байланышта болушкан. Аларга жаңы кылмыш иши козголду.
Куралдуу кагылышуу 2-декабрда Шамсиддин Шохин районунун тоолуу Навобод аймагында болгон. Он эки аткезчи тажик чек арасын мыйзамсыз өтүп кеткен. Кагылышуу учурунда төрт тажик чек арачысы жарадар болуп, полковник Хайриддин Ахтамов мерт болгон.
Түрмөдө отурган кишилер мобилдик байланыш аркылуу аткезчилердин аракетин көзөмөлдөп турушкан. Ооган аткезчилери 33 килограмм баңгизатын тажик өнөктөштөрүнө бериши керек болгон. Алар менен кызматташкан тажик жаранын издөө уланууда.