АКШнын президенти Доналд Трамп Ирандагы өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга кайрадан колдоо көрсөттү. Ал Иранда "коррупциялашкан өкмөткө" каршылык билдиргендерди сыйлай турганын 3-январда "Твиттерге" жазды.
"Ылайыктуу учурда силер АКШдан чоң колдоо көрөсүңөр" деп кошумчалады Трамп. Ак үй Ирандагы митингчилерге колдоо көрсөтүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин жыйынга чакырып жатат.
"Биз Иран элинин үнүн угузууга жардам бергибиз келет", - деди 2-январда АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли.
28-декабрда Ирандын Мешхед шаарында азык-түлүктүн кымбатташынан улам башталган нааразылык акциялары тез арада өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, аларда өлкөнүн жетекчилигине каршы кескин чакырыктар айтылган. Алты күн ичинде митингчилер менен полициянын кагылышуусунан жыйырмадан ашык адам каза тапты. 3-январга караган түнү мурдагы күндөргө салыштырмалуу митингдер азыраак болгону кабарланды.
Шаршембиде күндүз Ирандын бир нече шаарында өкмөттү жактаган миңдеген адамдар жүрүш уюштурушту. 2-январда Ирандын жогорку диний жолбашчысы Аятолла Али Хаменеи демонстрациялар боюнча өлкөнүн "душмандарын" айыптап, бирок кайсы бир өлкөнүн атын так атаган эмес.