Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Данияда баасы 1,3 млн. доллар турган орус арагынын бөтөлкөсү уурдалды


Уурдалган арактын шишеси.
Уурдалган арактын шишеси.

Даниянын борбору Копенгагендеги "Café 33" барынын кожоюну өз коллекциясындагы баасы 1,3 миллион доллар турган бир шише орус арагы уурдалганын билдирди. Копенгагендин полициясы ууру барга кирип, "Русско-Балтийский" аттуу арактын шишесин алып кеткенин 3-январда тастыктады.

"Мен аны Орусиядагы эң кымбат автоунаалар менен арак чыгарган "Дартз" ишканасынан алгам. Ал алты айдан бери менин коллекциямда болчу", деп билдирди "TV2/Lorry" телеканалына бардын кожоюну Браян Ингберг.

Маалыматка ылайык, кожоюн сейрек чыгарылган орус арагынын шишесин камсыздандыруудан өткөргөн эмес.

"Русско-Балтийскийдин" шишесин жасоого үч килограмм алтын жана үч килограмм күмүш колдонулган. Мындан тышкары, шишенин сырткы кабы 1912-жылы чыгарылган "Монте Карло" унаасынан алынган булгаарыдан жасалган.

"Албетте, мен капа болуп турам. Ал менин коллекциямдагы 1200 шишенин ичинен эң өзгөчөсү болчу", - деди кожоюн Браян Ингберг.

XS
SM
MD
LG