22-декабрда президент Шавкат Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда өлкөнүн облустарынын ортосунда Жол кайгуул кызматынын бекеттери бар экенин сынга алган. Мамлекет башчысы алар жол жүрүү эркиндигин чектеп, соода-экономикалык мамилелерге, ички жана тышкы туризмге терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
Кийинчерээк өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бабажанов облустардын ортосунда 113 бекет бар экенин билдирген.
Президенттин сынынан кийин ИИМде облустардын арасында турган бекеттердин максаттуулугун иликтеш үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Талдоонун жыйынтыгы менен 66 бекетти жоюу боюнча чечим кабыл алынган.
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча Жол кайгуул кызматынын 21 бекети, 14 блокпосту жана 19 тосмо бекеттери жоюлду. ИИМ калган бекеттердин ишин изилдөө уланарын билдирди.