Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:10

БУУнун баш катчысы Иранда зомбулукту токтотууга чакырды


Тегерандагы кагылышуу.

Ал эми адам укуктары боюнча комитеттин жогорку комиссары Зейд ал-Хуссейн Ирандын бийлигин митингчилердин укугун сактоого үндөдү.
Акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы массалык нааразылыктар уланды. Социалдык тармактарда нааразылыктардын улам жаңы тасма-сүрөттөрү пайда болууда.

Бийлик болсо митингдер басаңдап баратканын белгилөөдө. Айрым шаарларда Ислам ыңкылабынын коргоочу корпусунун күчтөрү жайгаштырылды. Кээ бир аймактарда кагылыштар уланып жатат. Расмий маалыматтар боюнча, Ирандын батышында демонстранттар менен кагылышта үч аскер мерт болгон. Жалпысынан нааразылыктар башталгандан бери өлгөндөрдүн саны жыйырмадан ашты, жүздөгөн кишилер камакка алынды.

Бир жума мурун экономикалык чакырыктар менен башталган нааразылык кийинчерээк бийликке каршы жана ислам өлкөсүнүн режимине каршы митингдерге айланган. Шаршембиде бир нече шаарларда өкмөткө каршы демонстрациялар уюштурулуп, бийлик буга байланыштуу чет өлкөлүк күчтөрдү айыптады.

АКШнын президенти Доналд Трамп 3-январда нааразылык акциясына чыккандарды кубаттап, АКШ аларга "мезгили келгенде жардам берерин" билдирди. Айрым маалымат каражаттары Ак үй нааразылыкты басууга катышкандарга каршы санкциялар киргизилерин администрацияга шилтеме кылып жазышты.

Ал эми Франция жана Германия Ирандын бийлигин тынч митинг укугун сыйлоого чакырды. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тегеран менен сүйлөшүүнүн маанисин билдирип, АКШнын, Израилдин жана Сауд Арабиясынын позициясын сындады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG