Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Кенже класстар үчүн ысык тамак уюштуруу жакшыртылат


Өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон токтомго ылайык, кенже класстардын окуучулары үчүн ысык тамак берүү жана нан-токоч бышырууну уюштуруу милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Документ боюнча, 1-январдан тартып бул министрлик Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен кошо жалпы билим берүүчү мектептерде иштеген ашпозчуларга квалификациялык талаптарды иштеп чыгууга тийиш. Ага ылайык, башталгыч класстардын 100гө чейинки окуучусу бар мектептерде ашпозчу жарым ставка, 50гө чейин окуучу үчүн – чейрек ставка менен иштейт, бирок жалпы мектепте ашпозчунун үчтөн ашпаган штаттык бирдиги болушу керек.

Өкмөттүн сайтында маалымдалгандай, токтомго премьер-министр 30-декабрда кол койгон, документ 1-январдан тарта күчүнө кирди.

Мектептерде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу 2005-жылдан тартып башталган. Бул үчүн жылына 430 миң сомго жакын каражат сарпталат. Мектепте тамак берилген кенже класстын окуучуларынын саны 442 миңге чамалуу. Бир окуучу бир күндө 7-10 сомго тамактанат.

XS
SM
MD
LG