Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:41

Кажы-Сай: Сыйынуу үйүндөгү өрттүн себеби иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ички иштер бөлүмү Кажы-Сай шаарчасында жайгашкан сыйынуу үйүндө чыккан өрттүн себебин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, 3-январда түнкү саат 1ге жакын баптисттик багытты карманган жарандардын сыйынуу үйүндө белгисиз себептерден улам өрт чыкканы тууралуу кабар келип түшкөн.

Кырсыктын себеби экспертизанын жыйынтыгы чыкканда белгилүү болот. Каза болгондор жана өрттөн жабыркагандар жок.

Сыйынуу үйүнүн кароолчусунун айтымында, окуя түнкү 1де болгондуктан имараттын ичинде эч ким жок болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG