Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Жаңы төрөлгөндөр үчүн сүйүнчү акча төлөнө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча төлөнө баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпул жана акчалай компенсация башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева билдирди.

Анын айтымында, ар бир балага төрт миң сом өлчөмүндө сүйүнчү акчаны алыш үчүн жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылыш керек.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, энесинин паспорту жана жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат талап кылынат:

- Сүйүнчү акчанын башка жөлөкпулдардан айырмасы - аны ушул үч гана документтин негизинде алса болот. Үй-бүлөнүн кирешесине байланбайт. Канча бала төрөлсө, ошончосуна, мисалы, эгиздердин ар бирине берилет. Жашаган жерине жараша төрт миң сомго тиешелүү коэффициенттер кошулат. Мисалы, Нарын облусунун Ат-Башы районунун айрым айылдары үчүн өкмөт аныктаган 1.8 коэффициентинин негизинде сүйүнчү акча 7200 сом болот, - дейт Турганбаева.

Адистин айтымында, сүйүнчү акчаны бала төрөлгөндөн тарта бир жыл аралыгында алса болот, андан кийин алууга укугу жок болуп калат. (AiA)

XS
SM
MD
LG