Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Сарпашев “Сентябрь” телеканалын сотко бергени кабарланды


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Тайырбек Сарпашев “Сентябрь” телеканалын сотко бергени кабарланды. Каналдын мурдагы жетекчиси Кайыргүл Урумканованын “Азаттык” радиосуна бүгүн билдиргенине караганда, сотко чакыруу Жалал-Абаддагы кабарчы Талгат Бакиевдин дарегине келген.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан жөнөтүлгөн чакырууда ал 10-январда жоопкер катары сотко келүүсү талап кылынган. Доогер катары Тайырбек Сарпашев көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары жоопкерлер тизмесине “Сентябрь” жоопкерчилиги чектелген коом, Абдилат Капаров аттуу жаран жазылган.

Доо арыз "ар-намысты, ишкердик беделди коргоо жана моралдык зыянды компенсациялоо" тууралуу экени көрсөтүлгөн.

Тайырбек Сарпашев 2014-2017-жылдары вице-премьер министр, кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болгон. “Азаттык” бул арыз боюнча комментарий сурап кайрылганда ал азыр жооп бере албасын айтты.

Абдилат Капаров Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы.

“Сентябрь” телеканалы камактагы оппозициялык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык экени айтылат.

Өткөн айда Жогорку Сот бул телеканалды жабуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна "Сентябрдын" эфиринен мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыккан" деп арызданган. Буга Капаровдун Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан Жээнбековдор тууралуу сүйлөгөнү негиз болгон деп кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG