Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Эл аралык сот тажик компаниясын миллиондогон доого жыкты


Тажикстандагы мунай кендеринин бири.
Тажикстандагы мунай кендеринин бири.

Париждеги Эл аралык сот тажикстандык "Куляб Петролеум Лимитед" ишканасын франциялык "Total" жана кытайлык CNPC компанияларына 13,7 млн. доллар кенемте төлөөгө милдеттендирди.

Үчөө 2012-жылы оффшордо компания түзүп, Тажикстандын түштүгүндөгү мунай жана газ кендерин иштетүүгө киришкен.

2016-жылы СNPC жана "Total" жергиликтүү өнөктөшү милдеттерин аткарбай жатканын билдирип, Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Доочулар "Куляб Петролеум" Бохтар кенин иштетүү долбооруна 2 млн. доллар инвестиция жумшоо боюнча милдеттенмесин аткарбай койгонун белгилешкен. Ошол эле учурда ишкана акционерлердин долбоор боюнча келишиминен чыгуудан жана өз үлүшүн өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Сот тажик компаниясын миллиондогон доого жыккандан тышкары, аталган кендеги 33% акциясын өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүгө да милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG