Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот өкүмү күчүндө калды


Жардыруудан кийин элчиликтин тегереги курчоого алынган
Жардыруудан кийин элчиликтин тегереги курчоого алынган

Шаардык сот Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын жардырууга айыптуу деген үч адамга карата райондук сот өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Былтыр 27-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Хикматилло Абдулажанов 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка, Күназим Мансирова 10 жылга аялдар түрмөсүнө жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Үчөөнүн тең мүлкү конфискацияланары айтылган.

Адвокаттар райондук соттун бул өкүмүн “далилдерге негизделбеген, мыйзамсыз” деп атап, апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

УКМК жардырууну ишке ашырууга буйрук берген деп саналган кишинин аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экендигин маалымдаган. Ал Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Жардырууну ишке ашырууга Сузак районунун 45 жаштагы тургуну, Абу Ахмаддеген каймана аты бар Бурханидин Жантөрөевдин катышы бар экени айтылган. Ошондой эле Алибек Сатыбаев (Кочкоров) аттуу жаран издөөдө жүрөт.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.

УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн “Жабхад ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин маалымдаган.

Шектелген алты адамдын үчөөнүн иши алардын терактка тиешеси жок деген негизде кыскартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG