Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Франция "фейк" маалыматтар менен күрөшөт


Эммануэль Макрон.
Эммануэль Макрон.

Франция Интернетте жалган маалымат жана үгүт жайылтууга каршы мыйзам даярдап, быйыл ишке киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэль Макрон маалымат каражаттарына кайрылуу учурунда билдирди.

Президент өзгөчө шайлоо учурунда социалдык түйүндөрдө миңдеген "фейк" же жасалма аккаунттар ачыларын белгиледи. "Алар көз ирмемде жалганды жайып, саясатчыны, коомго белгилүү адамды же журналистти каралай алат" деди Макрон.

Ал ошондой эле Интернеттеги социалдык сайттар маалыматтын айкындуулугун арттырып, материал, жарнама үчүн ким төлөгөнү тууралуу кабарлашы керек деген пикирин айтты.

Пландалган мыйзамда сот аркылуу социалдык сайттын администрациясын калп же бурмаланган билдирүүлөрдү жок кылууга, аны тараткан аккаунтту чектөөгө милдеттендирүү каралган.

Былтыр Макрон орусиялык мамлекеттик "Russia Today" жана "Спутник" агенттиктерин "жалган маалымат жана үгүт таратты" деп айыптаган. Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Макрондун штабы орусиялык хакерлерден жана алардын маалыматты бурмалашынан жабыркаганын жарыялаган. Москва бул дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG