Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Жарандык активист соцтармактагы сөзү үчүн төрт жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Айкөл Манас жана Сергий Радонежский" атындагы укук коргоо борборунун башчысы Игорь Трофимов Кылмыш кодексинин 299-беренеси ("Улуттук, расалык, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 7-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук соту чыгарганын 4-январда Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады. Маалыматка ылайык, Трофимов жазасын күчөтүлгөн режимде өтөйт. Ал эми ага тагылып жаткан дагы бир "экстремисттик материалдарды сактаган, тараткан, экстремисттик, террордук уюмдун энбелгисин атайылап пайдаланган" деген айыптан курамында кылмыш жоктугуна байланыштуу акталган.

Игорь Трофимов 2017-жылы 25-майда Свердлов райондук милициясы тарабынан кармалган. Ал социалдык тармакка "улут аралык кастыкты козуткан" жорум жазганы үчүн кармалганы кабарланган.

"Айкөл Манас жана Сергий Радонежский" атындагы укук коргоо борборунун башчысы Игорь Трофимов Орусияны жактаган иш-чараларды өткөрүп келген. 2011-жылы, 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга аракеттенип, эки жолу тең түрдүү себептер менен каттоодон өткөн эмес. Ал АКШнын "Манас" аба базасын Кыргызстандан чыгарууну байма-бай талап кылып жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG