Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Орусиядан Египетке кайрадан каттам ачылды


Синайдын үстүнө кулаган орусиялык учак.
Синайдын үстүнө кулаган орусиялык учак.

Орусиянын президенти Владимир Путин 4-январда Египеттин борбору Каирге жүргүнчү рейсин ачууга уруксат берди. Бирок Египеттин башка багыттарына каттоого салынган тыюу жоюлган жок.

Каттамдар эки жыл мурда коопсуздук маселесинен улам токтотулган эле. 2015-жылдын 31-октябрында орусиялык учак Синай жарым аралынын үстүнөн учуп баратып кулап, анын бортундагы 224 кишинин баары өлгөн.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ учакта анын мүчөлөрү койгон бомба жарылганын билдирип чыккан.

Учак каттамын токтотуу туризмден пайда көргөн Египеттин экономикасына олуттуу сокку урган. Кырсыкка чейин Египетке барган туристтердин 30 пайыздан ашууну орусиялыктар экени эсептелген.

XS
SM
MD
LG