Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Тажикстанда ондогон имамдар сынактан өтпөй калды


Тажикстандык имамдар
Тажикстандык имамдар

Тажикстанда 265 ири мечиттин имамдары аттестацияга тартылып, арасынан ондогону өтпөй калды. Так саны азырынча айтыла элек.

Сынакты өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети жана Аалымдар кеңеши жүргүзгөн.

Ал эми калган үч миң чакан мечиттердин имамдары сынактан жакында өтөрү кабарланды.

Тажикстандык имамдар жана имам-хатибдер тогуз жылдан бери аттестациядан өткөрүлүп келет.

Акыркысы 2017-жылдын соңунда жүргүзүлүп, январдын башында жыйынтыктары чыгарылган.

XS
SM
MD
LG