Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

АКШ диний эркиндикти бузгандардын тизмесине он өлкөнү киргизди


Пакистан.
Пакистан.

Кошмо Штаттар диний эркиндиктин чектелишине байланыштуу Тажикстанды, Түркмөнстанды жана Өзбекстанды “өзгөчө кооптондурган” он өлкөнүн катарына кошту.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган маалыматка ылайык, бул тизмеге Иран, Кытай, Түндүк Корея, Мьянма, Эритрея, Судан жана Сауд Арабиясы киргизилген. Былтыркы тизмеде да ушул эле өлкөлөр болгон.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө “диний эркиндик олуттуу бузулганы” үчүн Пакистан Вашингтонду өзгөчө тынчсыздандырып жатканы айтылат.

Акыркы учурда АКШ менен Пакистандын ортосундагы мамиле өтө солгундап кетти. Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Исламабадды "терроризм менен күрөшүүдө жеткиликтүү деңгээлде кызматташпай жатат" деп айыптоодо. “Акыркы 15 жылда алар бизден 33 миллион доллар алышты, биз болсо алардан эч нерсе алган жокпуз”, – деп жазды Трамп.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Вашингтон терроризмге каршы күрөштүн алкагында азырынча Исламабадга 255 миллион долларды бөлбөй турууну чечкенин жарыялады.

XS
SM
MD
LG