Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 11:03

Чоңдорго чапан жапканды токтотуу боюнча сунуш түштү


Министр Султан Жумагулов ушул сыяктуу чапан жабууга нааразылыгын билдирген.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жетекчилерге чапан жаап, калпак кийгизген адатты токтотууну сунуш кылды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жумагулов бул тууралуу оюн Жаңы жыл алдында маданият мекемелеринин биринин жетекчилери куттуктап келип, кийит кийгизген учурда айткан.

- Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер "айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле" деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го? Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системаны оңдоо тууралуу алгылыктуу идеялар менен келишиңиздерди суранам, - деген Жумагулов.

Маалыматта Жумагулов министр болуп келгенден кийин белекке тартууланган калпак, чапандар чаң басып текчеде жыйылып турганы айтылган.

Кыргызстанда саясатчылар, жогорку кызмат адамдары бири-бирине чапан кийгизүү салты калыптанган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG