Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:58

Сарпашев: Мага карата кылмыш иштеринин баары кыскарган


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев өзүнө карата козголгон кылмыш иштеринин баары кыскарганын “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш иштери далилденбегенин айтууда.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган. 31-мартта Башкы прокуратура ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козгогон. Ал "2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген" деп айыпталган.

Февралда Башкы прокуратура "Скрябин көчөсүндөгү 45 жана 45-А дарегинде жайгашкан Максим Бакиевге таандык 1,28 гектар жер тилкесин сатууга тыюу салган чечимди жокко чыгарууга аралашкан" деген негизде Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуш кылган. "Жең ичинен сатылды" деген жер маселеси коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

Тайырбек Сарпашев былтыр июнда өз эрки менен арыз жазып, иштен кеткен.

Кечээ, 4-январда Тайырбек Сарпашев сот аркылуу жабылган “Сентябрь” телеканалын сотко бергени белгилүү болгон. Ал былтыр бул телеканал “20 миң долларга паспорт сатып жатат” деген маалыматты бергени үчүн сотко кайрылганын “Азаттыкка” билдирди. (EBM/КЕ)

XS
SM
MD
LG