Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Президент жаңы жылга карата 70 балага планшет белек кылды


Президенттик балатыда тартылган сүрөттөр.
Президенттик балатыда тартылган сүрөттөр.

Кыргызстандын аймактарында жашаган 70 бала президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылга карата планшет белек алышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстандын бардык аймактарынан алты жаштан 14 жашка чейинки балдар мамлекет башчысына кат жазып, жаңы 2018-жылга карата белек суранышкан. Алардын арасында окуунун мыктылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана турмушунда кыйналып жашаган кожолуктардын балдары болгон.

Өлкө башчысы президенттин фондунан каражат бөлдүрүп, алардын баарына гаджет сатып берип жиберген.

Жаңы жылдын алдында Бишкекте президенттик балаты майрамы өтүп, ага республиканын бардык аймактарындагы мектептерден миңден ашык окуучу катышкан. Алардын арасында Кыргызстанга былтыр көчүп келишкен памирлик кыргыздардын балдары да конок болуп, жаңы жылды өмүрүндө биринчи жолу тосуп жатканын айтышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG