Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

АКШ коопсуздук боюнча Пакистанга берилчү жардамын токтотот


Пакистандын Лахор шаарында өткөн АКШга каршы демонстрациянын катышуучулары. 2-январь, 2018-жыл.
Пакистандын Лахор шаарында өткөн АКШга каршы демонстрациянын катышуучулары. 2-январь, 2018-жыл.

Исламабад оогандык талибдер жана «Хаккани түйүнү» аттуу исламчыл топторго каршы чечкиндүү аракет көрмөйүнчө Кошмо Штаттар Пакистанга коопсуздук боюнча берилчү жардамды токтотот.

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт билдирди, бирок маселенин чоо-жайына токтолгон жок. Буга чейин Кошмо Штаттар Пакистанга курал-жабдык алыш үчүн бөлүнгөн 255 миллион долларды берүүнү дагы токтоткон.

АКШ менен Пакистандын мамилеси президент Трамп Исламабадды катуу сындаган соң курчуду. Трамп "АКШ Ооганстанда жок кылууга аракет кылып жаткан исламчыл жоочуларга Пакистан өз аймагында түнөк берип жатат" деп Исламабадды айыптаган.

“Соңку 15 жылда алар бизден 33 млрд. доллар алышты, биз болсо алардан калптан башка эч нерсе уккан жокпуз” – деп жазган Трамп "Твиттердеги" барагында.

Пакистандын жетекчилиги болсо терроризмге каршы күрөштө Кошмо Штаттардын ак ниет өнөктөшү болуп келгенин айтып, бул дооматты четке какты.

XS
SM
MD
LG