Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

БШК: Бабановдон мандатын тапшыруу боюнча арыз келе элек


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата журт” фракциясынын мурдагы лидери, эл өкүлү Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыра элек. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Республика-Ата журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген.

- Мыйзамдагы нормага ылайык Бабановдун өзүнөн арыз келип түшуүгө тийиш. Ошондон кийин БШК чечим кабыл алыш үчүн маселени карайт, - деди Бекматов.

Бабановдун мандаты алынса анын ордуна партиядагы тизме боюнча 73-кезекте турган Абдыбек Дүйшалиевдин парламентке келерин жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан. Бирок фракция мүчөлөрү анын ордуна парламентке ким келерин айта алышкан жок.

Президенттик жарышта бийлик талапкеринин негизги атаандашы болгон "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин 23-октябрда Бишкек-Москва авиакаттамы боюнча өлкөдөн чыгып кеткен. Анын фракциялаштары саясатчы Орусияга он күнгө дарыланууга кеткенин билдиришкен.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү боюнча Бабанов конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча айыпталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG