6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...+3;
Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3;
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11;
Бишкекте 6-январда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2°. (ErN)