Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Чымкент-Ташкент багыты боюнча автобус каттай баштады


Чымкент-Ташкент каттамындагы автобуска жүргүнчүлөр түшүп жаткан учур. 5-январь, 2018-жыл.
Чымкент-Ташкент каттамындагы автобуска жүргүнчүлөр түшүп жаткан учур. 5-январь, 2018-жыл.

5-январдан тартып Казакстандын түштүгүндөгү Чымкент шаары менен Өзбекстандын башкалаасынын ортосунда автобус каттай баштаганын Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча министрлиги билдирет.

Коңшу эки өлкөнун ортосунда мындай автобустар күнүгө таңкы алтыдан кечки сегизге чейин саат сайын жүрүп турат.

Чымкент-Ташкент автобусуна түшкөндөр төрт сааттай жол жүрүп, чек арадагы текшерүүдөн «кезексиз» өтүшөт.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы автобус каттамдары соңку 17 жылдан бери токтоп калган. Быйыл эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү башка чоң шаарлардын ортосунда дагы автобус каттамдарын жүргүзүүнү пландап жатышат.

XS
SM
MD
LG