Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

АКШнын чыгыш жээгинде катуу сууктан 16 киши каза болду


Нью-Йорктогу Бруклин көпүрөсү, 4-январь, 2018-жыл.
Нью-Йорктогу Бруклин көпүрөсү, 4-январь, 2018-жыл.

АКШнын түштүк-чыгыш тарабында калың түшкөн кар менен катуу бурганактан дагы төрт кишинин өмүрү кыйылды. Кар аралаш бороондун айынан он миңдеген адамдар электр жарыгысыз калды, миңдеген аба каттамдары аткарылбай, мектептер жабылды. Адаттан тышкаркы сууктан ал тургай Нью-Йорк штатындагы Ниагара шаркыратмасын дагы муз каптаганы кабарланды.

5-январда Улуттук метеорологиялык кызмат билдиргендей, аяздуу аба ырайы жуманын соңуна чейин сакталат. Нью-Гэмпшир штатында сууктун күчү 40 градуска жетсе, Нью-Йоркто абанын температурасы -28 градуска төмөндөдү.

Бир нече штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бийлик өкүлдөрү элге үйүнөн чыкпай турууга кеңеш берүүдө.

XS
SM
MD
LG