АКШнын Каржы департаменти Ирандын төрт ишканасына жана илимий иликтөө борборуна санкция киргизилгенин жарыялады. Вашингтон бул ишканалар өлкөнүн баллистикалык ракеталар боюнча программасын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошот деп эсептейт.
“Бул санкциялар Ирандын ракеталык программасын өнүктүрүүдөгү эң негизги ишканаларга киргизилди. Тегеран үчүн өз элинин жыргалчылыгына караганда ракеталык программасы маанилүү” деп айтылат Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучиндин билдирүүсүндө.
Санкциялар тизмесине "Shahid Kharrazi", "Shahid Sanikhani", "Shahid Moghaddam", "Shahid Shustari" комапниялары менен катар "Shahid Eslami" аттуу илимий иликтөө борбору да киргизилген.
Бул ишканалардын АКШнын юрисдикциясында турган мүлкү жана башка активдери болсо камакка алынат. Америкалык жарандарга жогорудагы ишканалар менен иш жүргузүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле Ирандагы бул ишканалар менен кызматташкан чет өлкөлүк комапниялар да Вашингтондун сакциялар тизмесине кирип калышы мүмкүн.