Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Журналист Элнура Алкановага өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "Фергана.ру" агенттигинин журналисти Элнура Алканованын Кыргызстандан сыртка чыгышына тыюу салды. Бул тууралуу Алканова “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат мени алгач суракка чакырган. Менин бул жумада убактым жоктугун айтып, кийинчерээк бараарымды билдиргем. Бирок алар мени 5-январга суракка чакырган кагазды адвокатыма берип кетишиптир. Бүгүн адвокатым ал органга барса, алар мени Кыргызстандан сыртка чыгышыма бөгөт койгон документти беришиптир. Кайсы негизде мындай кылышканын түшүнбөй жатам. Мен эмне, кылмышкер белем, сыртка чыгарбагыдай? Же качып кетчүдөй шектүү белем? - деди Алканова.

Ошентсе да Алканова бул чечимди өзүнүн буга чейинки “Идеал Хаус” боюнча иликтөөсү менен байланыштырууда.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Маалым болгондой, былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Натыйжада Башкы прокуратура имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин ачкан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "Фергана.ру" сайтында жарыяланган Алканованын иликтөөсүндө "банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы орун алган" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG