Калың тумандан улам учактарды учура албай жана кабыл ала албай жаткан "Ош" эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, аба майданы бүгүн эртең менен саат тогуздан бери иштей албай жаткан.
Кыйынчылыкка кабылган жүргүнчүлөр 03222 9-01-01 телефон номерине чалып аба каттамдары жөнүндө жана жагдай тууралуу сурап, билип турса болот.
Ош эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, жылына бир миллионго жакын жүргүнчүнү тейлейт. Аба майдан “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. (ErN)