Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Казакстандан Өзбекстанга товар алып кирүү тартиби жеңилдеди


Өзбек-казак чек ара өткөрмө бекети
Өзбек-казак чек ара өткөрмө бекети

1-январдан тарта Өзбекстан жарандары Казакстандан 1000 долларга чейинки жеке өздөрүнө керектүү товарларды бажы төлөмдөрүсүз алып өтө алышат. Бул маалыматты Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети бышыктады. Буга чейин чек арадан товар ташыгандар 10 доллардан бажы салыгын төлөшчү.

Өзбек ишкерлери январдан тарта Казакстандан товар алып өтүү жеңилдегенин билдиришти. Алардын айтымында, бажы кызматкерлери чек арадан өткөн жарандарга сылык мамиле жасап калышты.

«Черняевка» көзөмөл өткөрүү бекетинде бажычылар өздөрүн аябай сылык алып жүрө башташыптыр. Алар Казакстандан 1000 долларга чейин товар алгандарды жайбаракат өткөрүшүүдө. Ашыкча текшерүү жок. Мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам, – деди өзбек соодагерлеринин бири.

Көптөгөн өзбекстандыктар азык-түлүктү баасы 30-40% чейин арзан болгон казак базарларынан ташыйт.

XS
SM
MD
LG