Орусия аннексиялап алган жарым аралда татарларга басым күчөгөнүн Крым татарларынын межлисинин төрагасы Рефат Чубаров билдирди.
“Саясий тутукундар, башкача айтканда темир тор артында отургандар же соттун өкүмү менен Крымда ээн-эркин жүрүү укугу чектелгендердин саны 60тан ашуун. Ал эми акчалай айыппул салынгандар жүздөп саналат” – деди Чубаров.
«Ата-энеси абакка кесилгендиктен, тирүүлөй жетим калган балдар жүздөн ашуун. Аларга жардам керек» - деп кошумчалады межилистин төрагасы.
Крым татарларынын ресурстук борбору жүргүзгөн мониторингге караганда жергиликтүү соттор 2017-жылы 100дөн ашуун кишиге беш миллион рублдан “мыйзамсыз айыппул салган”.
18-декабрда жарым аралдын бир нече шаарларында соттор 14-октябрдагы жалгыз пикеттерге катышканы үчүн крым татарларынын иштерин карады.
19-декабрда Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы аннексияланган Крым боюнча резолюция кабыл алган.
2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган. Эл аралык коомчулук аны мыйзамсыз деп, бул үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга экономикалык санкцияларды киргизген.