Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Эрдоган: Түркия Евробиримдикке кабыл алууну күтө берип чарчады


Режеп Тайып Эрдоган жана Эммануэл Макрон
Режеп Тайып Эрдоган жана Эммануэл Макрон

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Евробиримдиктин жообун күтө берип чарчаганын, Брюссел “ооба” же “жок” деген так жообун бериши керектигин айтты.

Эрдоган Парижде Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугуп, эки өлкөнүн мамилесин талкуулады. Түркия лидери өлкө Европанын макулдугун түбөлүк күтө албасын билдирди. Ал Европа биримдигине кирүү боюнча алгачкы кадамдар 55 жыл мурун, 1963-жылы жасалганын, Түркия жана анын эли жоопту күтө берип чарчаганын кошумчалады.

Франция президентинин айтуусунда, Евробиримдик Анкараны толук кандуу мүчө кылбаса да, “өнөктөш” макамын сунуш кылышы керек. Макрон Түркияда 2016-жылы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин адам укугуна жана эркиндигине кысым күчөгөнүн, ошондуктан анын Евробиримдикке кошулуу сунушунда “алга жылуу болушу мүмкүн эмес” экенин айтты.

Брюссел менен Анкаранын мамилеси өткөн жылы Түркиядагы парламенттик шайлоодо түрк саясатчыларына Европа өлкөлөрүндөгү өз жамааттарына үгүт жүргүзүүгө тыюу салынгандан кийин начарлап кеткен.

XS
SM
MD
LG