Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Сузакта үй-бүлө ур-токмокко кабылып, үй ээси каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

30-декабрь түнү Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип, анда жашагандарды ур-токмокко алышкан. Экспертиза алардын колунда темир мык сууругуч жана күрөк болгонун аныктады. Алар үйдүн ичинен баалуу буюмдарды издеп, таба албагандан кийин качып кетишкен.

Натыйжада үй ээси, 1956-жылы туулган жаран, анын 1964-жылкы аялы жана 2002-жылы туулган кызы оор абалда ооруканага түшкөн. 3-январда карактоого кабылган үйдүн кожоюну алган жараатынан өзүнө келбестен ооруканада каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Милиция “каракчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 4-январь күнү окуяга шектүү катары Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылкы тургунун кармады. Ал кылмышка катышканын мойнуна алып, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, алдын ала маалыматтарга ылайык, буга чейин жабырлануучу аял менен кылмышка шектүүнүн ортосунда аласа-бересе болуп, чырга акча себеп болгону айтылууда.

Учурда милиция кармалган адамдын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоодо жана карактоого катышкан башка мүчөлөрдү издөөнү улантууда. (RsK/SDz)

XS
SM
MD
LG