Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Кытайда “Манас” операсы коюлду


"Манас" операсы
"Манас" операсы

4-5-январда Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясында «Манас» эпосунун кытай тилиндеги операсы коюлду. Бул опера Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылып, Кытайдын Маданият министрлиги жана Улуттук опера институтунун көмөгү менен коюлган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, операны коюуга 100дөн ашык Кытайдын мамлекеттик театрларынын артистери катышкан. Ал эми даярдоо иштерине эки жыл убакыт кеткен.

“Манас” операсынын бет ачары 2017-жылдын 30-сентябрында Бээжин шаарында болгон. Аталган опера «Манас» жана «Семетей» эпосунун негизинде даярдалып, эки бөлүктөн турат. (SDz)

XS
SM
MD
LG