Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Орусияда Путин үчүн кол топтоо башталды


Владимир Путин ыктыярчылар форумунда
Владимир Путин ыктыярчылар форумунда

5-январда Орусияда президенттикке талапкер Владимир Путинди колдоо үчүн кол топтоо башталды. Мыйзамга ылайык, талапкер өлкөнүн жарымынан көп аймагынан 300 миңден кем эмес кол чогултушу керек.

Учурдагы Орусиянын президенти шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн. Путинге кол топтоону “Жеңиш ыктыярчылары” коомдук уюму жүргүзүүдө. Аталган уюмдун басымдуу бөлүгү студенттерден куралган. Бул уюм 2017-жылы федералдык бюджеттен 60 миллион рубль субсидия алган. Кол чогултуу өлкөнүн ири шаарларындагы соода түйүндөрүндө жүрмөкчү.

Кол чогултуу өнөктүгүн башка талапкерлер да жүргүзүүдө. Григорий Явлинскийдин штабы керектүү колдун үчтөн бирин чогултуп бүткөнүн кабарлоодо.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул күнгө чейин ондон ашык талапкерге кол топтону баштай берүүгө уруксат берген. Кол чогултуу өнөктүгү 30-январга чейин жүрөт.

XS
SM
MD
LG