Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:59

АКШ орус кыргын учактарынын жолун торошкон видеону жарыялады


F-15 учагы
F-15 учагы

АКШнын аскер-аба күчтөрү Орусиянын Су-30 кыргын учагынын жолун торошкону тууралуу эки видеону жарыялады. Окуя 23-ноябрда жана 13-декабрда Балтика деңизинин үстүндөгү эл аралык аба мейкиндигинде катталган.

Орус учкучтары, эл аралык эреже талап кылгандай, диспетчелерге тиешелүү маалыматтары жана учуу планын айткан эмес, ошондон кийин АКШ аскер учактары аларды кармоо үчүн Литванын Шяуляй авиабазасынан учуп чыккан.

Орусиянын Коргоо министрлиги окуя болгонун тастыктап, орус учкучтары эл аралык аба мейкиндигин колдонуу эрежелердин алкагында машыгуу учууларын жүргүзгөнүн маалымдады.

Видео америкалык аскер-аба күчтөрүнүн Литвадагы төрт айлык миссиясы аягына чыгып жаткан учурга тушташ жарыяланды.

XS
SM
MD
LG