Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:03

Бостериде “Осьминог” рестораны өрттөндү


Бүгүн таңында Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Осьминог” рестораны толугу менен өрттөнүп кетти. "Тилсиз жоону" өчүрүү үчүн жерине бир нече атайын техника барганына карабай, өрт жанында жайгашкан эс алуучу имараттарга чаап кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун ИИБ башчысы Нургазы Увалиев билдирди.

Натыйжада “Осьминог" кафесинин жанында жайгашкан “Гринхаус” мейманканасынын 3-кабаты менен чатыры, “Сыябан” мейманканасынын алды жагы жана чатыры толугу менен өрттөнүп кетти.

Өрттүн кесепетинен жабыр тартып, ооруканага жана тез жардам бөлүмүнө кайрылгандар болгон жок. Учурда келтирилген чыгым такталууда.. (AsM/SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG