Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

АКШда өзгөчө суук аба ырайы катталды


Нью-Йорктун тургуну
Нью-Йорктун тургуну

6-январда АКШнын чыгыш бөлүгүндө өзгөчө суук аба ырайы катталды. Нью-Гэмпшир штатындагы тоолордо муздак шамалдын коэффиценти минус 73 градуска чейин жетти.

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы, мындай аба ырайын массалык арктикалык агым менен түшүндүрүүдө. Натыйжада экстремалдуу шарт Американын түндүк-чыгышын каптады. Нью-Йорк менен Бостондо абанын температурасы -13 градусту көрсөтүүдө.

Жон Ф. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту башка авиакомпаниялар жана Федералдык авиациялык администрация менен биргеликте иш алып барып, 4-январдан бери учууларга чектөө киргизди.

Муздак шамалдын кесепетинен кеминде 18 адам өлгөнү маалымдалды. Синоптиктер 8-январдан кийин аба ырайы жылый турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG