Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Иран парламенти өлкөдөгү кырдаалды жабык талкуулады


Тегерандагы көчөлөрдүн бири
Тегерандагы көчөлөрдүн бири

Иран парламенти 7-январда атайын жыйынга чогулуп, өлкө жарандарынын өкмөткө каршы нааразылык демонстрацияларын жабык режимде талкуулады. ISNA маалымат агенттиги сессияга ички иштер министри жана чалгындоо башкармалыгынын, Коопсуздук кеңешинин башчылары катышканын маалымдоодо.

Күн тартибинде өлкөдөгү кырдаалды талкуулоодон тышкары, нааразычылык акция учурунда камакка алынган адамдарга укуктук жардам берүү зарылдыгы каралды.

Өкмөткө каршы акциялар жүрүп жаткан күндөрү бийлик мамлекеттик ММКлар аркылуу бийликти колдогон митингдерди гана көрсөтүүдө. Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу 6-январда өкмөткө каршы нааразылык акциялар Тегеранды кошкондо тогуз шаарда өткөнү тууралуу маалыматтарды алды. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордо митингчилерди көптөгөн полиция кызматкерлери курчап турганын көрсө болот.

Иранда бир жумадан берки саясий системага жана бийликтеги коррупцияга каршы нааразылык акцияларындагы кагылыштарда 22 адам өлдү, 1700дөн ашык адам камалды. Иран бийлиги акцияга 40 миңден ашык адам чыкканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG