Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Францияда “Шарли Эбдого” жасалган кол салууну эскеришти


Президент Эммануел Макрон эскерүү жөрөлгөсү учурунда. Париж, 7-январь, 2017-жыл.
Президент Эммануел Макрон эскерүү жөрөлгөсү учурунда. Париж, 7-январь, 2017-жыл.

Президент Эммануел Макрон баштаган расмий өкүлдөр Парижде “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын мурдагы кеңселери жайгашкан имараттын сыртына гүлчамбар коюшту.

Бүгүн - исламчыл согушкерлер аталган журналдын кеңсесине кол салып, кызматкерлерин өлтүргөн окуяга үч жыл толду. Эскерүү жөрөлгөсүнө ошол кол салууда аман калган журналисттер да катышты.

2015-жылы 7-январда журналдын редакциясына кирип барган куралчан адамдар ок ачып, 11 кишини өлтүрүшкөн, алардын сегизи журналисттер эле. Качып баратып кол салгандар аларды токтотууга аракеттенген полициячыны да атып салышкан. Ал кандуу окуядан кийинки эки күндүн ичинде радикал исламчылар дагы бир нече жерде чабуул уюштуруп, бардыгы болуп 17 киши набыт болгон. Анда теракттар үчүн «Ал-Каида» террордук түйүнүнүн Аравия жарым аралындагы канаты жоопкер болуп, журнал Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялаганы үчүн өч алганын билдирген.

“Шарли Эбдо” журналына кол салууну франциялык эки исламчыл согушкер ишке ашырган. (UE)

XS
SM
MD
LG