Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Кенде иштегендердин жапырт жумуштан бошотулушу талкууланат


Иштамберди кени.
Иштамберди кени.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет бүгүн Бишкекте Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык “Фул Голд Майнинг” компаниясынын жетекчилиги, тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрөт. Аталган мекеменин жетекчиси Улан Рыскуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, жыйында кенде иштеген 400гө жакын жумушчунун иштен кетишинин чоо-жайы каралат.

"Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошоткону 5-январда ачыкка чыккан. Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун жетекчилиги кытайлык компания жумушчулардын шартына туура келбеген жаңы келишимди сунуш кылып, айлыкты азайтып жатканын, муну менен Эмгек кодекси бузулганын “Азаттык” радиосуна маалымдаган. Жумушчулар компаниядан мурдагыдай маяна төлөп берүүнү талап кылып, акция уюштурарын билдиришкен.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы жумушчуларга "каржы маселесинде кыйынчылык болуп жатканы үчүн маяна азайтылып жатат" деп түшүндүргөн.

Аталган компания Иштамбердиде 2011-жылдан баштап алтын казуу менен алектенип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG