Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:17

Башар Асаддын армиясы Синжар шаарын ээледи


Сирия Демократиялык күчтөрү Раканын бошотулушун майрамдап жаткан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрү Раканын бошотулушун майрамдап жаткан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сириянын президенти Башар Асаддын армиясы өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Идлиб провинциясындагы Синжар шаарын ээледи.

Бул тууралуу жекшембиде Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө борбору жана "Улуттук коргонуу күчтөрү" деп аталган өкмөттүк аскерий түзүм билдирди.

Идлиб - Асаддын режимине каршы чыккандардын карамагында калган Сириядагы акыркы аймак.

Өлкөдө 6-7-январь күндөрү Чыгыш Гута аймагындагы бомбалоодон кеминде 18 жай тургун, анын ичинде балдар каза тапкан, 60тай киши жарадар болгон. Идлиб сыяктуу эле Чыгыш Гута да көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө. Укук коргоочулар Чыгыш Гутадагы аба соккулары үчүн Сирия менен Орусиянын куралдуу күчтөрүн айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG